http://ktrkdev.ktrk.kg/Океандарды тазалоо боюнча эл аралык орган түзүлөт

Океандарды тазалоо боюнча эл аралык орган түзүлөт

17 Июнь , 14:06 611

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

G20 уюмуна кирген өлкөлөр океандар булгана баштаганына байланыштуу желим таштандылардын санын азайтуу максатында эл аралык орган түзүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. 

Мындан ары уюмга кирген ар бир мамлекет желим ташдандылар менен күрөшүү боюнча иш-чараларды аткарып, жыйынтыгы тууралуу жаңы органга отчёт берип турушу керек. Максат — бузулуп бара жаткан экологияны жакшыртуу болуп саналат.   

G20 уюмуна кирген өлкөлөрдүн экология жана энергетика министрлеринин жыйыны 15-16-июнда Япониянын Каруидзава шаарында өттү.  Уюмга Австралия, Аргентина, Бразилия, Улуу Британия, Германия, Кытай, Россия, Сауд Аравиясы, АКШ, Түркия сыяктуу экономикасы өнүккөн өлкөлөр жана Европа биримдиги кирет.

Новости по дате