http://ktrkdev.ktrk.kg/Миялы айылындагы окуучулар контейнерде билим алып келишет

Миялы айылындагы окуучулар контейнерде билим алып келишет

18 Июнь , 11:09 144

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош облусунун Кара Суу районун Миялы айылындагы мектеп окуучулары 2 жылдан бери контейнерден билим алып жатышат. Мектептин имараты жер көчкү коркунучунан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жабылган.

Балдарыбыз бул мектепти 2 жыл окуп бүтүрүштү. 1 жыл мурун айыл өкмөттөн келип, 6 миллион сом акча бөлүндү, мектеп куруп беребиз деп сөз берип кетишкен. Ошол бойдон кабар жок. Мына минтип балдарыбыз тар бөлмөлөрдө билим алышат. Кыштан да эптеп чыгышты. От жакканда түтөп араң күйөт. Суук болгондо ичи өтө эле муздак. Документтери былтыр бүтүп, протокол түзүлүп, мамлекеттик каттого жиберилген экен, бирок ал жерден жоголуп кетиптир, -деген окурман видеосу менен бөлүшкөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.





Новости по дате