http://ktrkdev.ktrk.kg/Төлөйкөн: суу түтүктөрү жарылып, дачага суу жетпей жатат

Төлөйкөн: суу түтүктөрү жарылып, дачага суу жетпей жатат

18 Июнь , 14:46 273

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы Тюлпан дачасына кеткен суу түтүктөрү 80-жылдары курулган. Суу түтүктөрү жарактан чыгып, эскилиги жетип, жукарып кеткен. Азыркыга чейин дачага суу жетпей, элдер убара тартып жатышат. 

Кечөө эле жарылган жерин жамап кеткенбиз, бүгүн суу алалы десек, кайрадан тешилип калыптыр. 200 метрдей жери жараксыз бойдон турат. 2 жылдан бери мэрияга кайрылып келебиз, эч жыйынтык жок. Дачада 50 дөн ашык түтүн жашайт. Ушул 200 метрдей жерин эле мэрия жасап берсе,- деп "Элдик репортерго" билдирүү калтырган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате