http://ktrkdev.ktrk.kg/Кытай жазма булактарындагы кыргыз тарыхы китеп болуп басылып чыкты

Кытай жазма булактарындагы кыргыз тарыхы китеп болуп басылып чыкты

19 Июнь , 23:36 1565

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытайдын жазма булактарынан кыргыздардын тарыхы тууралуу табылган маалыматтар китеп болуп басылып чыгып, аны кытайлык окумуштуулар президент Сооронбай Жээнбековго тапшырышты. Тарыхчылар менен болгон жолугушууда мамлекет башчысы архивдик булактардан кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын терең изилдеп, топтоп жана китеп кылып чыгаргандары үчүн терең ыраазычылык билдирди. Эске салсак, архив документтерин биргелешип изилдөө боюнча Кыргызстан менен Кытай ортосундагы кызматташтык маселеси 2018-жылы президенттин Кытайга болгон мамлекеттик сапарында көтөрүлгөн.

Кытай коомдук илимдер академиясынын Евразия борборунун директору Ли Цзиньсю баштаган бир катар кытай тарыхчылары эки жумадан бери Кыргызстанда. Алар буга чейин өлкө аймактарындагы тарыхый жайлар менен таанышып, Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарында болушту.
Чүйгө, Ысык-Көлгө барышты, ар кандай тарыхый жайлар менен таанышты. Ошко Сулайман-Тоого да барышты, Араванга да барышты. Асман аттарын өз көздөрү менен көрүштү.
Кытайлык тарыхчылар президентке жакын арада эле жарык көргөн, кытай жазма булактарынан табылган кыргыздар тууралуу маалыматтар камтылган китепти алып келишкен. Аны өлкө башчысына тапшырышып, тарыхчы Ли Цзиньсю академия тарабынан басылып чыккан китеп Сооронбай Жээнбековдун түздөн-түз аларга болгон колдоосунун аркасы менен ишке ашканын белгиледи.

Кыргыздардын тарыхы тууралуу китепти буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Кыта Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге анын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда тапшырган. Кытай лидери эки өлкөнүн тарыхын изилдөөгө абдан кызыкдар экенин белгилеп, ошондой эле биздин аймактагы маанилүү тарыхый окуялардын бардыгы камтылган кытай тарыхын изилдөө боюнча Академия түзүү сунушун киргизгенин кошумчалады. Кытай жана кыргыз илимпоз тарыхчылары буга чейин бир үстөлдө жолугушуп, илимий практикалык конференцияда эки өлкөнүн архивдик документтерин бирге изилдөө жана илим изилдөө жаатындагы кызматташтыкты талкуулашкан. 


Өз кезегинде өлкө башчысы кытайлык окумуштууларга архивдик булактарынан кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын терең изилдеп китеп кылып чыгаргандары үчүн ыраазычылыгын билдирди. Айтымында, чогултулган материалдар илимий негизде, академиялык басылмадан жарык көрүп, аларды кеңири таратуу зарыл. Адистер кытай менен көчмөн кыргыз эли эзелтен бери эриш-аркак кылымдарды карытып келгенин белгилеп, эгер изилдөө иштери уланса дагы да жаңы маалыматтар чыгаарын айтышууда.

Эске салсак, архив документтерин биргелешип изилдөө боюнча Кыргызстан менен Кытай ортосундагы кызматташтык маселеси 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн тийиштүү министрликтери тарабынан талкууланган. Ушул жылы тарыхчы Кыяс Молдокасымов Бээжинде Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын профессору Бу Сяньчунь менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлган. Иликтөөлөрдүн натыйжасында жаңы табылган расмий кытай жазма булактары аркылуу кыргыз тарыхы дагы сегиз кылымга ары жылган. Мындан тышкары, кытайлык окумуштуулар жазма булактарды иликтөөнүн жыйынтыгында Манчжу дооруна тиешелүү 2800 беттен турган архивдик документтерди табышкан. 














Новости по дате