http://ktrkdev.ktrk.kg/Сот Албек Ибраимовго каршы кылмыш ишти токтотуу өтүнүчүн четке какты

Сот Албек Ибраимовго каршы кылмыш ишти токтотуу өтүнүчүн четке какты

22 Июнь , 14:39 1125

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы шаар башчылар Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароону улантты. 

Бул ирет айыпталуучулардын жактоочусу тарабынан сотко бир нече өтүнүч келтирилди. Тактап айтканда, Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев Ибраимовго байланыштуу «Дастан» ишканасы боюнча кылмыш ишти токтотууну өтүнүп, айыптоочу тарап буга каршы чыкты. Эки тараптын жүйөсүн уккан соң сот өтүнүчтү четке какты. 

Эскерте кетсек, Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган. 

Ал эми Кубанычбек Кулматовго «Калыс-Ордо" конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деген айып коюлган.

"Бир нече төтүнүч келтириди. Ошондой эле айыпталуучулар УКМК абагынан №1 СИЗОго которуу каты окулуп, ал суроо кийинки отурумга чейин ачык калды. Кийинки отурум 24-июнда улантылат" - дейт Бишкек шаардык сотунун маалымат катчысы Айсулу Исабекова. 

Новости по дате