http://ktrkdev.ktrk.kg/КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы шайланды

КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы шайланды

26 Июнь , 0:07 2757

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы шайланды. 

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү тарабынан сунушталган 2 талапкерге жалпысынан кеңештеги 15 мүчө добуш берди. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында буга чейинки төрага Жыпар Жекшеевге 12 добуш, ал эми Байкоочу Кеңештин мүчөсү Анаш Кадырова сунуштаган талапкер Нурия Айдабосуновага 3 добуш берилген. 

Жыйынга себептүү келе албай калган Байкоочу Кеңештин 4 мүчөсү өздөрүнүн добушун Байкоочу Кеңештин регламентине ылайык, кеңештин башка мүчөлөрүнө тапшырып кетишкен. 

Добуш бурүүнүн жыйынтыгын түзүлгөн эсептөө комиссиясы санап, жаңы төраганы жарыялашты. 

Ошентип үчүнчү жолу төрага болуп 12 добуш менен Жыпар Жекшеев бекиди. 

Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү - жаңы төрагабыз да, өзүбүз да КТРКнын ишин жакшыртууга жана ага талбай жан үрөп жаткан жетекчи Жайнак Үсөн уулуна жардам берели деген жакшы ой-тилектерди айтышты.



Новости по дате