http://ktrkdev.ktrk.kg/Турист унутуп кеткен капчык кайтарылды

Турист унутуп кеткен капчык кайтарылды

8 Июль , 15:01 1491

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун тургундары жана милиция кызматкерлери эс алууга келген Россия жаранына, жоготуп алган документтерин жана акчасын таап берип ыраазы кылышты. Бул тууралуу аталган дубандын милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, 5-июль күнү Балыкчы ШИИБсине Россиянын Белгород облусунун Новый Оскол шаарынын тургуну Вячеслав Андреев кайрылган. 

"Турист милицияга Тамчы айылына эс алууга бара жатып, Боом капчыгайындагы "Кызыл көпүрө" участкасында борсеткасын унутуп таштап кеткенин, 40 мүнөттөн кийин кайра барып таппай калганын айткан. Кол баштыктын ичинде паспорт, айдоочулук күбөлүк, автоунаанын техникалык паспорту, ошондой эле 20 миӊ рубль, 15 миӊ теңге жана 16 миӊ сом (баары биригип 40 200 сом) болгонун билдирген", — деп айтылат маалыматта. 

Кийинчерээк жоголгон буюмду жергиликтүү тургундар таап алып, Тоӊ райондук милиция бөлүмүнө жеткирип беришкен. Акча менен буюмдарын ээсине кайтарып берүү үчүн милиция кызматкерлери Тамчы айылына келгенде, турист Чолпон-Ата шаарына кеткенин айтышкан. 

Жыйынтыгында бул жагдай жайкы туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту сактоого тартылган бардык милиция кызматкерлерине кабарланып, бир суткадан кийин туристтик милициянын кызматкерлери жоголгон буюмдун ээсин таап, документтерин жана акчасын толугу менен кайтарып беришкен.

Новости по дате