http://ktrkdev.ktrk.kg/WhatsApp кейпин кийген вирус аныкталды

WhatsApp кейпин кийген вирус аныкталды

12 Июль , 11:05 498

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Киберкоопсуздукту камсыздоо менен алектенген израилдик Check Point компаниясы буга чейин 25 миллион смартфондун ишин бузган вирусту таап алды. Сыртынан караганда ал кадимки WhatsApp мессенджеринен эч айырмасы жок.

"Агент Смит" деп аталган бул вирус колдонуучулар сүрөт-редактор же оюндарды көчүрүп жатканда байкатпай кирип алат дагы, смартфонго WhatsApp теркемесинин кейпи менен жайгашат.

Аны жугузуп алган телефондорго рекламалар көп чыга берет. Адистердин айтымында, мындан тышкары, хакерлер аны сүйлөшүүлөрдү тыңшоо же акча уурдоо максатында колдонушу мүмкүн деп айтууда.

Компаниянын эсебине караганда, вирусту эң көп (15 миллион учур) Индияда жуктуруп алышкан.

Новости по дате