http://ktrkdev.ktrk.kg/Казылган чуңкурдан малчылар түйшүк тартышууда

Казылган чуңкурдан малчылар түйшүк тартышууда

12 Июль , 16:51 708

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй районунун Шамшы айылына караштуу Боорду тоосунда 20 жылдай карьер казып, гипс ташышкан. Жайыттын баарын бузуп жол салышкан. Азыр болсо гипс чыкпай калды деп техникаларын алып кетип калышты. Казылган чуңкуру ошол бойдон калып калды. Эми ушул чуңкурга малдарыбыз кирип кетип жатат. Аны чыгара албай малчылар кыйынчылык тартышууда. Жергиликтүү бийликтен суранат элек, ушул казылган жерди түрттүрүп, чуңкурду жаап беришин,- деген автор "Элдик репортерго" билдирүү жиберген. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате