Сүйүтбек Төрөбеков
"Сүрөтчүдө эң биринчи чынчылдык болушу керек"
Өзүнүн жөнөкөй мүнөзүн сүрөткө чагылдырган Сүйүтбек Төрөбеков кыргыздын сыймыгы. Ал бир эле учурда чыгармачылыгы менен алектенип, жаш сүрөтчүлөрдү да тарбиялап келет. Тарткан сүрөттөрүндө улуттук баалуулукту алдыңкы планга чыгарып, кыргыздын кооздугун даңктайт. Анын коллекциясында бардык жанрларды тапса болот. Портреттик эмгектеринде жазуучу Ч.Айтматов, актер-живописчи С.Чокморов, манасчы С.Каралаев жана башка атактуулар бар. Чебердин сүрөттөрү дүйнө кыдырып, музейлерге илинген.
Сүйүтбек Төрөбеков 1957-жылы 12-февралда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр кыштагында төрөлгөн. 1973-жылы Фрунзедеги Көркөм сүрөт окуу жайында билим алат. 1978-1984 жылдары Ленинградта И.Е.Репин атындагы живопись, скульптура, архитектура институнда окуган. Кыргызстанга келгенден тартып С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайында, ал эми 1998-жылдан бери Улуттук көркөм өнөр академиясында эмгектенип келет. 1988-жылы СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.
Бала кезиңизде ким болом деп кыялданчу элеңиз?
Мен 7-класска чейин ким болорумду билчү эмесмин, кээде шопур же летчик болсом деп ойлончумун. Мектепке черчения сабагынан А.Захарович деген мугалим келди. Ал доскага Лениндин сүрөтүн көзүн жумуп туруп тартып койду. Мына ошондо сүрөт тартууга кызыгуум артып, агайды абдан кыйын экен дедим. Захарович дагы балдардан "Ким жакшы сүрөт тартат?",- деп сурап калды, кээде сүрөт тартып жүргөндүктөн баары мени көрсөтүштү. Агай: "Сүрөттөрүңдү алып келип мага көрсөт",- деди. Ар бир сабакка тарткан нерселеримди көтөрүп барам, ал мени көрүп мага билген нерселерин үйрөтө баштады. Ал тарткан сүрөт көзүмө ушундай сонун көрүнчү, анан мен дагы аныкына окшоштурганга аракеттендим. Эмнени көрсөң баарын тарта бер деп, мага атайын тапшырмаларды берчү.
Ошентип ага текшертип оңдоп жүрдүм. Мага бир күнү келип "Сенден жакшы сүрөтчү чыгат, оку",- деп айтты. 8-классты бүткөндөн кийин ушул жакта окусаң болот деп, Фрунзе көркөм окуу жайынын дарегин алып келип берди. Бирок мени үйдөгүлөр жибербей койду. Бирок 10-класстан кийин тапшырып, өтүп кеттим. Ал жакта сүрөт, черчения мугалими деген багытты бүтүрдүм. Эми айылга барып мугалим болосуң дешти. Мен балдар менен кантип иштейм деп абдан коркчумун. Мугалим болуш кыйын андан көрө жөн эле сүрөт тартканым жакшы дедим. Ошол менен айылда кинотеатрда афишаларды жазып иштеп баштадым. Жөн эле афиша жазып
койбой, кинонун мазмунун окуп, ага карата сүрөт да тартып коем. Көбүнчө согуш жөнүндө кинолорунда атайын танка, граната көтөргөн аскерди чагылдырам. Элдер афишаны көрүп келет деп, кызыктуу кылып тартканга аракеттенчүмүн.
Ал жерде иштеп жүрүп кызыксыз болуп калды. Анда оюмда Чуйков, Айтиев, Репиндей сүрөтчү болсом деген максат бар эле да. Кайра окууга тапшырам деп Ленинградта И.Е.Репин атындагы окууга өтүп кеттим. Ал жакты 1984-ж аяктап, С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында сабак берип иштеп, чыгармачылыгым менен алектенип көргөзмөлөргө катышып калдым.
Эң биринчи тарткан сүрөтүңүз эсиңиздеби?
Бала кезимде тарткан сүрөттөрүмдүн көбүнчөсү пейзаж болгон, тоолорду анан аттарды эле тарта берчүмүн. Бирок кайсы сүрөт экени эсимде жок.

Сүрөт тартканда башкалардан өзгөчөлөнгөн стилиңиз эмне?
Чынын айтканда сүрөт тартып жатканда стилди ойлонбойм. Кээ бирлер, албетте, стиль ойлоп изденишет. Кээде мен деле өзүнчө стилим болуш керек деп ойлоном, бирок адамдын ичиндеги сезимди колуң өзү эле улап кете берет. Атайын бир стилди табайын деп аракеттенбейм. Тарткан сүрөтүм элге , өзүмө жаккандай болушу керек. Сүрөттүн ичинде ойлор менен боектор топ келсе маңызы дароо чыгат.
Кайсы жанрда көп тартасыз?
Көбүнчө портреттик жанрда тартам. Портрет адамдын образын ички дүйнөсүн берип, дал ошол кишиге окшошуусу керек. Бул татаал жанрлардын бири болуп саналат.

Сүрөт тартууга эргүүнү кайдан аласыз?
Жөнөкөй турмушта эле кызыктуу нерсени көргөндө, кээде окуганда өзү эле дароо чыга келет. Мисалы кээде адамдын бир кыймылы деле өзгөчө болот. Бир караганда баары окшоштой көрүнө берет, бирок ар бир адамдын өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Мисалы, тамгалардын баары окшош, бирок кол жазмалар ар түрдүү да. Ошол сүрөт тартканда деле ар бир сүрөтчүнүн тили өзү менен өзү билинип калат экен. Сүрөттү көргөндө эле бул Каныбектики, бул Сүйүтбектики деп дароо эле айырмалашат.
Тарткан сүрөтүңүз өзүңүзгө жакпай калган учур болгонбу?
Мындай учурлар көп эле болот.Ошол убакытта абдан кыжалат болосуң, ойлогон оюң бар, бирок негедир ишке ашпай туруп алат. Ишиң жүрбөй, бир нерсеси кем болгондой сезиле берет. Ошол убакытта ишиңди ары каратып коюп коесуң. Ушинтип бөлөк ишке өтүп кетесиң анан бир күнү кандайдыр бир нур келе калат. Анткени аң-сезимиңде болбой калган ишиң ичиңди оюп жүрө берет. Бир күнү эле түшкөргөнсүп эле маңдайыңа чыга калат. Кээ бир жерлерин оңдоп түзөгөндө окшошуп калса, таптым деп сүйүнүп каласың. Ушундай кездерде атактуу сүрөтчүлөрдүн өмүр баянын карап чыгам. Аларда дагы бир топ убакытка чейин таппай, изденишкен экен. Мисалы, Иванов деген орустун атактуу сүрөтчүсү бир сүрөтүн 20 жыл тартыптыр. Ал 20 жыл бою бир гана сүрөттүн үстүндө иштеген эмес да, 1 жыл тартса кийинкисинде токтоп калат, ою жаңырып өзгөртүп жатып анан бүтүргөн. Биографиялык китептерди окуп өзүмө түрткү алам. Билимди көбөйтүп, ойлогон нерсени максатына жеткирүү үчүн изденүү талап кылынат. Эч нерсе даяр болуп маңдайыңа туруп калбайт, жайдан келет.

Портреттик сүрөт тартууда каармандарды кантип тандайсыз?
Портреттик сүрөттөргө заказ түшөт же өзүм тартам. Бирөө атайын сүрөт алып келип тарттырса, дал ошол кишиге окшош болуусун талап кылышат. Ал жерде
бир нерселерди кошуп коеюн дебейм, анткени аларга жакпай калат. Портреттик сүрөттө адамдын бет түзүлүшү дагы чоң мааниге ээ.
Накта өзүм портрет тартарда каармандын өткөн өмүрүнө, жасаган ишине маани берем. Ошол кишини тарыхка калтыруу, келе жаткан муунга маанилүүбү деген суроо келет. Кээде бир гана атактуу эмес, жөнөкөй карапайым кишини тартсам эмнеге болбойт деп ойлоном. Себеби ал деле ошол айылда жашап, үй-бүлөсүн жакшы карап, мүмкүн коомго пайдалуу нерсе жасап жаткандыр.
Кайсы сүрөтчүгө өзгөчө баа бересиз?
Жаңы окуп жүргөн кезимде орустардын Передвижник деген сүрөтчүнүн китептерин окуп, эмгектерине кызыкчумун. Мындан тышкары Репинди, Суриковду, Серов , Крамской, Чуйков, Айтиевди окугам. Азыр эми ушул жашка келип, алар мен үчүн галерея болуп калды. Ар бири ар кайсы жактан таланттуу. Сүрөттү карап баалап жатканда абстракция деген эмне экенин билүү керек. Ар бир предметтин түбүн карап көрсөң баары абстракция экен да. А бала кезде аны түшүнбөйсүң, анда реалдуу нерсени гана көрүп жүрчүк. Көрсө, ал жөнөкөй эле нерселерден турат экен. Мисалы куб үч бурчтуктан же жөн эле сызыктан турат экен. Аларды кийин окуп үйрөнүп, адамдын ички дүйнөсү өзгөрө баштайт. Окууну бүткөндө өзүңдүн стилиңди, эмне тартарыңды изилдей баштайсың. Кээ бир сүрөтчүлөр абстракционист болуп кетип жатпайбы, кээ бирлери реалист же экөөнү айкалыштырып жүргөндөр бар. Убакытка жараша өзгөрө берет экен. Мисалы азыр мага француз сүрөтчүлөр жагат. Бонар деген сүрөтчү- колорист экен.Бул боектордун айкалышы, ушунчалык түстөр туура тандалган, алар адамдын аң-сезимине таасир берет экен. Азыр өзүмдүн эмгектеримде ушуларды колдонгонго аракеттенип жатам.
Биздин убакта акча жөнүндө ойлончу эмеспиз, билим алсак деп умтулчубуз.
Эң кымбат саткан сүрөтүнүз канча болгон?
Азыр так мынча болот деп айтыш кыйын. Анткени ал рынокко жараша өзгөрүп турат, мисалы Кыргызстанда бир сүрөт 1000 доллар болсо, Кытайда 30 миң доллар болушу мүмкүн. Бизден арзан алып, ошол жакта кымбат сатып ортодо пайда көргөндөр бар. Кыргызстандын акыбалында Саякбай Каралаевдин сүрөтү 15-20 миң доллар деп айта алам,чет мамлекетте болсо 50 миң доллар деп айтышы мүмкүн. Анткени ошондой деңгээлде болгон кардар бар. Кыргызстанда мындай кардар жок, анткени сүрөткө баа беришпейт. Сүрөттөрүм Москва, Казакстан, Кытай, Түркия, Германия, Венгрияга чейин барып келди, кээ бирлери сатылды.

Сиздин жакындарыңыздан сүрөткө кызыккандар барбы?
Уулум мектепте окуп жүргөндө сүрөттү жакшы тартчу, бирок юридикалык жакты тандаган. Азырынча менин аркаман сүрөтчү болом дегендер жок, мүмкүн неберелерим тартат чыгар.

Жаш таланттардын сүрөткө кызыгуусу кандай?
Азыркы жаштар мурункудай сүрөткө кызыгышпайт. Менин оюмча бул жашоо шартына байланыштуу, анткени сүрөтчү болуп каражат табуу кыйынырак. Ошондуктан жаштар сыртка
иштеп кетип жатышат. Азыр окууга болгон мамиле солгун, анткени студенттер бир учурда окуганга да акча тапканга да аракеттенишет. Биздин убакта акча жөнүндө ойлончу эмеспиз, билим алсак деп умтулчубуз. Көрүп жаткандай, азыр сүрөттөр сатылып жатпайбы, биздин убакта сүрөт сатылчу эмес да, бир гана музей сатып алчу. Үйгө сүрөт илем деген киши жок болчу. Эптеп майлап койсом деле алгандар бар, сатыла берет деп, жеңил акча табууга кызыгып кеткен балдар бар.

Мындан ары тартыла турган сүрөтүңүз кайсы темада болот?

Акыркы кездерде экология маселеси мени ойлондуруп жатат. Ушул жаатта сүрөт тартууну ойлоп жүрөм, бирок азыр идея жакшы бышпай жатат. Чыгармачылыкта тамыры көңүлдү ойгон нерселерди тартыш керек деп ойлойм. Мисалы тарыхта калган мыкты сүрөтчүлөр өзүнүн эмгектерин хандын астында иштеп жүрүп тартышкан. Ошол убакытта мамлекет аларга жогорку талапты коюп, жогорку деңгээлдеги сүрөттү каалашкан. Бизде болсо ар бир сүрөтчү өзүнүн ички дүйнөсүн тартат. Эгерде жогорку жактан кандайдыр бир атайын социалдык заказ болсо адам ойлонуп, дагы да көбүрөөк түрткү алмак.
Чыгармачылык кризис болгонбу?
Жашоо шарт чыгармачыл кризиске алып келет. Мисалы, бир ишти жасасаң, бирок эч ким албаса ойлоносуң да. Мурун союз убагында маданиятка мамиле таптакыр башкача болгон, күчтүү колдоо көрсөтүшкөн. Албетте, цензура болгонун танбайм, бирок мыкты чыгармаларлар дал ошо убакытта жаралган. Сүрөтчүлөргө атайын белгилүү бир темада сүрөттөрдү тарттырган. Азыркы учурда мамлекет кинематография, театрга каражат бөлө баштады, бирок сүрөтчүлөргө көңүл бурула элек.
Сүрөтчүдө кандай сапаттар болушу керек?
Сүрөтчүдө эң биринчи чынчылдык болуш керек. Жасаган эмгегиң ичиңден чыккан, таза нерсе болуш керек. Анткени көрүүчү сүрөттү сезет экен. Ойлор,формалар, боектор келишпей турса дароо билинип калат. Жакшы ыр жүрөккө жетип жаткандай эле, сүрөттөр да ошондой.

Сүрөт тартуудан тышкары бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?
Бош убактым жок, чыгармачылык менен алектенем. Кээде шахмат, теннис ойнойм.
Сүйүтбек өз жетишкендиктерине максаттуу умтулду. Жылдан жылга, бир сүрөттөн экинчисине кадам салды. Мурдатан түптөгөндөй жол менен, эч кылчактабастан, негизги жолунан башка жакка буруп кетпей бара жатты...
Анын ийгилигинин сыры жөнөкөй: РЕАЛИЗМ, ТЕМА, ОБРАЗ.

Гамал Бөкөнбаев
Культуролог
Наамдары
"Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги" белгиси ыйгарылган. С. Чуйков атындагы " Кыргызстандын маданият ишмерлеринин Ассамблеясы» жана Г.Айтиев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты. "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" , "Дүйнөдөгү тынчтык сүрөтчүсү" (Пекин, КЭР) жана башка наамдар менен сыйланган.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website