http://ktrkdev.ktrk.kg/«Санарип Кыргызстан» долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды

«Санарип Кыргызстан» долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды

16 Июль , 20:46 680

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-июлда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы — Мамлекет башчысынын кеңешчиси Дастан Догоевди жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаеваны кабыл алды.

Президентке өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча милдеттердин аткарылышы тууралуу маалымат берилди. «Санарип Кыргызстан» санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруу, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы чечимдерин аткаруу талкууланды. Президент санариптик трансформациялоонун натыйжаларын өлкө жарандары күндөлүк турмушунда сезиши керектигин айтты. Ал белгилегендей, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам факторун четтетүү маанилүү милдет болуп саналат. Санарип технологияларын өнүктүрүүнүн натыйжасында өлкө калкы жана бизнес үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы жакынкы мезгилде 189 мамлекеттик кызматтар электрондук форматка өткөрүлүп, 500 миңден ашык өлкө жарандары камтыларын жана калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүүлөр 30 пайызга кыскартыларын билдирди.


Новости по дате