http://ktrkdev.ktrk.kg/Жакында мамлекеттик мекемелердин бардыгы “Түндүк” электрондук борборуна кошулат

Жакында мамлекеттик мекемелердин бардыгы “Түндүк” электрондук борборуна кошулат

19 Июль , 23:29 895

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ар кандай каржы төлөмдөрүн, акча которууларды же коммуналдык кызматтардын акысын интернет аркылуу жүргүзүү учурда адаттагы эле көрүнүш болуп калды. Мунун бардыгын санариптештирүүнүн артыкчылыгы деп баалоого болот. Себеби, мындан бир канча жыл мурда эле бул иш аракеттердин бардыгы толгон токой кагаздар менен коштолчу. 

Азыркы учурда “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна 60 мамлекеттик мекеме кошулуп, анын 24 өз ара маалымат алмашууда. Ал эми алмашылып жаткан маалыматтын түрлөрү бир жыл мурун жетөө гана болсо, азыркы учурда анын саны 233кө жетти. 

Мамлекеттик мекемелердин маалымат алмашуулары ушул жылдын июль айына карата 1 млн 900 миңге жетти. Электрондук маалымат алмашууну Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы жана Каржы министрлиги көп пайдаланууда. Анда көбүнчө жарандын мүлкү, катталган дареги, салык органдарындагы жана социалдык фонддогу карыздары тууралуу маалыматтар суралат.

Санариптештирүүнүн негизги компоненттеринин бири - бул интернет менен камсыз кылуу. Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин маалыматына ылайык, азыркы учурда мобилдик 3g интернети менен камсыздоо 82-84 пайыз, 4g интернети 40-48 пайызды түзөт. 

Мындан сырткары азыркы учурда жер алды менен зым аркылуу интернет алып өтүү боюнча дүйнөлүк банктын долбоору иштеп жатат. Ага 21 млн доллар бөлүнгөн. Долбоор Кыргызстандын ар бир айыл-кыштактарына чейин тез ылдамдыктагы жана сапаттуу интернет жеткирүүгө багытталган. 

Новости по дате