http://ktrkdev.ktrk.kg/Оорукананын короосундагы бак-дарактар эмне үчүн кыйылды?

Оорукананын короосундагы бак-дарактар эмне үчүн кыйылды?

13 Авг , 15:47 116

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Үстүбүздөгү жылдын 6-августунда Нарын облусунун Миррахимов атындагы улуттук кардиология терапия борборунун короосунда 30 жылдан бери өсүп турган бак-дарак, карагайлар түп тамыры менен кыркылып жок кылынды. Акыркы маалыматарга караганда бул жерге намазкана же болбосо диний үйрөнү борбору салынат деп айтылууда. Ушул кенедей намазкананы салыш үчүн жапжашыл болуп өсүп турган бак-дарактарды кыйылды. Бул дарактарды жүрөк оорулар бөлүмүнүн эмгек жааматы чакалап суу ташып, суугарып жыл сайын көбөйтүп өстүрүшкөн эле. Биздин билишибизче кара жыгач баалулугу боюнча жаңгактан кийинки экинчи орунда турат экен. Муну айтканыбыздын себеби 30 жылдан берки өсүп турган кара жыгачтарды белгисиз адамдар кыйып түбү менен ташып белгисиз жака алып кетишкен. Ал оорукананын админстрациясы кыйылган бактардын бутак жалбырактарын медициналык кызматкерлерге материалдык жардам катары алып кеткен деп айтышкан. Оорукананын аймагында намазкана салганга ылайыктуу бош жерлер толтура эле болчу. Биздин оюбузча булардын максаты бактарды алып кетип сатуу болгон.

Азыркы учурда жүрөк оорулар бөлүмүнүн медициналык кызматкерлери прокуратура жана башка күч органдарына уурдалган бак-дарактарды таап келүүсү боюнча кайрылуу жазашты. Оорукананын короосуна диний окутуу боюнча же болбосо намазкана курууга болобу?- деген сурообуз бар. Биздин угушубузча араб өлкөлөрүнүн шейхтери эгерде ушундай намазкана же болбосо диний окутуу борборун ачса кийин заманбап оорукана салып беребиз деп шарт коюшкан экен. Эмне себептен намазканадан мурун оорукананы салып берүүгө болбойт. Акыркы мезгилде дүйнө жүзундө абанын булгануусу көп болуп жаткандыктан айлана чөйрөдөгү жашыл бак-дарактарды көбөйтүү керек болсо биздин ооруканадагы болгон бак дарактарды жок кылып жатышат. Бизди капа кылганы жаңыдан өсүп келе жаткан балатыларды тамыры менен жулуп ыргытканы болду. Ушул маселени тийиштүү органдар карап, көзөмөлгө салып беришин суранабыз,-деген автор "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жөнөткөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате