http://ktrkdev.ktrk.kg/ИИМ Курсан Асановдун иштен бошотулушунун себебин билдирди

ИИМ Курсан Асановдун иштен бошотулушунун себебин билдирди

13 Авг , 9:34 884

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Курсан Асановдун иштен бошотулушунун себеби боюнча ички иштер министрлиги маалымат таратты. Анда Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунду Курсан Асанов коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ишенип берилген тилкени таштап кеткен. Ал Атамбаевдин үйүнө кирип барып, өзүнүн аракетин кол алдындагыларга телефонго тартууга буйрук берип, өзүн пиар кылуу аракетинде болгон. 

Ошондой эле, курал-жарактарды кармаганга болбостугун, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала тургандыгын, фото-видео тартууларды атайын кызматкерлер гана жүргүзө турганына карабастан, кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталганы айтылат.

Новости по дате