http://ktrkdev.ktrk.kg/Жалал-Абад облусундагы ӨКМ кызматкерлери үйлүү болушту

Жалал-Абад облусундагы ӨКМ кызматкерлери үйлүү болушту

15 Авг , 10:16 190

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн курулган көп кабаттуу турак жайды тапшыруу аземи болду. 24 батирлүү үйдүн ачкычын министр Нурболот Мирзахмедов тапшырып, үйгө ээлерин куттуктады. Батирдин ачкычын министр Нурболот Мирзахмедов тапшырып, курамды кубанычтуу күнү менен куттуктады.

4 кабаттан турган 24 батирлүү үйдүн 8и үч, дагы 8и эки, калганы 1 бөлмөлүү. Курулушу өткөн жылы башталып, быйыл март айында бүткөрүлгөн. Батирге ээ болгондордун катарында Эрлан Арзыбеков да бар. Эрлан 5 жылдан бери Жалал-Абад шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүмүндө иштейт. Түйшүгү жеңил эмес кызматты аркалап келген куткаруучунун кубанычы чоң. Буга чейин ал Сузактын Мундуз айылынан Жалал-Абад шаарына каттап иштеп, ата-энесинин үйүндө жашачу. Эми куткаруучу үй-бүлөсү менен өзүнүн батирине көчүп келет.

Көп кабаттуу батирдин ички иштери толугу менен бүткөрүлүп, бардык шарты камсыз болгон. Батир кызматтык үй болуп берилди. 20 жыл кызмат өтөгөндөн кийин менчик болот. Батир бөлүштүрүүдө кызматкерлерди тандап алуу атайын түзүлгөн комиссия аркылуу каралган. Анда турак жайга муктаждык, көп балалуу жана социалдык-экономикалык абалы эске алынган. Кошумчалай турган дагы бир жагдай, батирлер аскер кызматкерлерине гана берилди.

4 кабатуу үй 43 миллион сомго курулган. Каржылоо жагы Россиядан гранттык негизде бөлүнгөн каражат. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын жана Бишкек шаарындагы кызматкерлери үчүн да батир курулуп, пайдаланууга берилген болчу. Соңку жылдары мамлекет аскер кызматкерлерине ар тараптан шарт түзүү жана турак жай менен камсыздоо аракетин колго алууда. Буга чейин Жалал-Абад облусунда чек ара кызматкерлери үчүн үйлөр курулуп, тапшырылган. 



Новости по дате