http://ktrkdev.ktrk.kg/Сапар Исаков ооруканага которулду

Сапар Исаков ооруканага которулду

16 Авг , 22:16 576

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ооруканага которулду. Дарыгерлер тарабынан алдын ала Вертебробазелярдык жетишсиздик же баш ооруга жана баштын тегеренүүсүнө алып келген моюн тамырлдарынын кысылуусу диагнозу коюлган. 

УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. Дарыгерлердин айтымында магниттик-резонанстык томографиянын жыйынтыгында инсульттун симптомдору жок жана Исаковдун абалы канааттандыраарлык. 



Новости по дате