http://ktrkdev.ktrk.kg/Нарын облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

19 Авг , 12:16 1057

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди. Маалыматка ылайык, жер 19-августта таңкы саат 5:37де силкинген. 

Ак-Талаа районунун Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 балл, Баетов, Ак-Бейит, Терек айылдарында 2,5 баллга сезилген. 

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.




Новости по дате