http://ktrkdev.ktrk.kg/Ошто туристтик милиция иштей баштады

Ошто туристтик милиция иштей баштады

20 Авг , 21:28 222

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ошто туристтик милиция иштей баштады. Максаты - чет элдиктердин коопсуздугун камсыз кылуу. Азыркы тапта, Ош шаарын көрүү үчүн келген чет элдик коноктор менен Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн тандалып алынган 10 кызматкер иш алып барууда. 

Тандоонун экинчи туру 25-августта жыйынтыкталат. Жалпы 20 кызматкер иш алып барат. Алар, чет тилдеринде эркин сүйлөй билүүсү шарт. Мындай муктаждык Ош шаарына келүүчү туристтердин  жыл санап өсүп жатканына байланыштуу экенин  адистер  билдирет. 

Алсак, быйыл соңку алты айда Ош шаарына келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге, же 20 миңге көп  болгон. Соңку эки айдын ичинде, Оштогу туристтик милиция26 өлкөдөн келген,150 адам менен баарлашкан.

Новости по дате