http://ktrkdev.ktrk.kg/Нарын шаарында сүттү кайра иштетүүчү жаңы завод ишке кирди

Нарын шаарында сүттү кайра иштетүүчү жаңы завод ишке кирди

21 Авг , 22:00 242

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын шаарында сүттү кайра иштетүүчү жаңы завод ишке кирди. Күнүнө 150 тоннага чейин чийки затты кайра иштете турган ишкана жеке инвесторлордун салымы менен ачылып, бул өз кезегинде жергиликтүү тургундарга да сүттү кымбат баада сатууга шарт түздү. Заводдун ачылыш аземине бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, мамлекеттин аймактарды өнүктүрүү саясаты биринчи кезекте экспорттук потенциалды кеңейтүүгө багытталганын баса белгиледи. Эске салсак, өлкө башчысы эки күндүк жумушчу сапары менен Нарын облусунда жүрөт.

Нарын шаарынын тургундары үчүн бүгүн кубанычтуу күндөрдүн бири. Союз урагандан бери кароосуз калган эски сүт заводунун имаратына экинчи өмүр берилип, 2018-жылы башталган курулуш иштери быйыл аяктап, ири сүт заводу ишке киришти. Сүт заводу акыркы заманбап жабдыктар менен жабдылган. Азыркы учурда ак май жана сыр өндүрүүдө. Чийки зат кабыл алынгандан тарта ал даяр продукция болуп чыкканга чейинки жумуштардын бардыгын аппарат аткарат. 


Ал эми Нарын шаарынын экинчи четинде калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча ири долбоорду ишке ашыруу боюнча жумуштар жүрүп жатат. Долбоорго Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы 6 млн 200 миң евро бөлүнгөн, ага союз маалынан калган эски түтүктөр алмаштырылып, андан сырткары Нарын шаарынын канализация тутуму жаңыланууда. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бөлгөн каражаттан 105 млн еврого Нарын суу канал ишканасынын имараты да толук жаңыланган. Ага катар бир нече даана техника сатылып алынды. Мынан сырткары суу тутутумун башкарууга багытталган заманбап үлгүдөгү жабдыктар менен жабдылды. 



Новости по дате