http://ktrkdev.ktrk.kg/Шашылыш билдирүү! Өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт

22 Авг , 9:56 272

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкө аймагында 22-23-24-августтарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

23-24-августунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.


Новости по дате