http://ktrkdev.ktrk.kg/Ысык-Көл облусунда 189 мектепте интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган

Ысык-Көл облусунда 189 мектепте интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган

23 Авг , 14:11 164

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо Концепциясынын алкагында Маалыматтык  технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети өлкө аймактарында маалыматтык-агартуу лекцияларынын  улантууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты. 


Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунда 189 мектепте (же жалпы санынан 191ден 99%) интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган. Мында Ак-Суу жана Жети-Өгүз районундагы 2 мектеп боюнча булалуу-оптика байланыш линиялары аркылу кошулууга техникалык мүмкүнчүлүк жок, ушуга байланыштуу өнөктөштөр менен бирдикте спутниктик байланыш аркылуу аларды интернетке кошуу маселеси иштелип чыгууда. 

Жалпы билим берүүчү мекемелер менен биргеликте башка мамлекеттик жана муниципалдык органдар интернет кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыздалаарын белгилей кетүү керек. 

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо министрлигинин 85 объектисин (пландуу саны 92) жана 59 айыл өкмөтүн (жалпы саны 61) Интернетке кошуу мүмкүнчүлүгү камсыздалган. 


Мындан тышкары, облус боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бардык объектлери интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү менен камсыздалган. “Кыргызпочта” ишканансынын бөлүмдөрүн кошуу боюнча иштер уланууда. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин толук иштешин камсыз кылуунун алкагында укук коргоо органдарын интернетке кошуу боюнча иштер өзүнчө улантылууда. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облус боюнча:

- 9 Башкы прокуратуранын;

- 9 КР ИИМдин;

- 2 ЭККМКнын (финполиция);

- 3 ЖАМК;

- 17 Сот департаментинин

объекттерин интернетке жетүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды. Долбоор "Кыргызтелеком" ААКсы жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ошондой эле МТБМК тарабынан маалыматтык-агартуу иштер жүргүзүлүп, анда санариптик трансформациялоо концепциясынын стратегиялык милдеттери, санариптештирүүнүн негизги долбоорлору жана артыкчылыктары маселелери талкууланды. 

Дастан Догоев белгилегендей, 

Башкы артыкчылыктардын бири санариптик  технологиялардын жетишкендиктерин пайдалануу үчүн жарандардын санариптик билимин  жана жөндөмүн өнүктүрүү болуп эсептелет. Көптөгөн маанилүү маселелердин бири - жогорку  продуктивдүү, бирок ошол эле учурда жөнөкөй санариптик мейкиндикти түзүү,  бул натыйжада мамлекеттик жана муниципалдык  кызматтарды тез жана сапаттуу көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Акырында санариптик  трансформация экономикалык өсүштүн жана өнүгүүнүн демилгечиси болуп калат деп  күтүлүүдө


Маалыматтык-агартуучулук жолугушуулардын экинчи толкуну Талас, Нарын жана Ысык-Көл облусту камтыды. Биринчи этабы 2019-жылдын жаз айында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында болгон.


Новости по дате