http://ktrkdev.ktrk.kg/Ош шаарындагы таштандыга толгон көчөлөр

Ош шаарындагы таштандыга толгон көчөлөр

23 Авг , 17:35 143

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарындагы Достук аймактык башкармалыгына караган Баялинов жана Молдо Нияз көчөлөрүнүн тургундары шаар мэрине кайрылуу жолдошту. Тасмада көрсөтүлгөндөй, бир жумадан бери таштанды чыгарылбагандыктан көчө таштандыга толгон. Көчөнүн жээги акыр-чикир, мал жандыктарынын өлүктөрүнө чейин төгүлүп жатат.

"Бул жерге башка көчөнүн тургундары да таштандыларын алып келип ташташат. Чымындап мал жандыктардын сөөктөрү жатат. Күндүн ысыгында мындагы жагымсыз жыт чыдагыс. Бул абалды "Тазалык" ишканасына айтсак деле көңүл бурулбай жатат. Экинчиси жол маселеси, жолдор бузулганына көп жыл болду. Канализацияга деп канал казылган, ошол бойдон калыбына келтирилбей калды. Машина эмес, жөө адам араң басабыз",- деп жергиликтүү тургун көйгөйлөрү менен бөлүшкөн. 


Новости по дате