http://ktrkdev.ktrk.kg/Эл аларык терроризмдин алдын алууга арналган иш-чара

Эл аларык терроризмдин алдын алууга арналган иш-чара

16 Июнь 2016 , 23:31 3192

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Заманбап комуникация менен технологиялар өнүккөн сайын террордук, экстремисттик топторго каршы туруу дагы кыйындап бара жатат. Бул тууралуу Ысык-Көлдө өткөн эл аларык терроризмдин алдын алууга арналган иш-чарада айтылды. Буга Улуу Британия, Индия, Канада, Молдова, Ирак жана башка мамлекеттерден келген делегациялар, бир нече эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу кабарчыбыз Эдил Мелисбектин материалында.

Бүгүнкү күндө Орто Азия өлкөлөрүнүн бири дагы террордук топтордун каттуу соккусунан корголгон эмес жана кепилдикти азыр эч ким бере албайт. Буга далил катары стабилдүү деп эсептелинип келген Казакстандагы болгон акыркы окуялар айтылаарын эксперттер белгилешти. Мындай жагдайлардан биргелешип гана коргонуу, анын стратегиясын иштеп чыгуу максаты турат. 

"Биздин аймакта жана жалпы эле орто азия мамлекеттеринде атайын кызматтар, эксперттер жана коопсуздук маселеси менен алектенген адистер өзгөчө көңүл бөлө турган спецификалык маселелер көбөйүп кетти. Бул жагдайларды теориялык жактан жана иш жүзүндө дагы жакшылап иштеп чыгып бекемдөө зарыл болуп турат. Бул өтүп жаткан конференция негизинен ушул маселелерди камтып, биргелешип жасай турган аракеттер арбын экенин далилдеп койду", - дейт Президенттик аппарат башчысынын орун басары Мира Карыбаева.

"Бул негизинен пландалган чоң иш чара. Биз атайын Кыргыз өкмөтү менен бирдикте бул иш чараны Кыргызстанда өткөрүүнү белгилегенбиз. Баардыгы биригип 16 өлкөнүн өкүлдөрүн чогулттук. Эксперттердин жана чогулгандардын кибер тероризм жана технологиялык тероризмдин тийгизип жаткан терс таасири боюнча кеңири талкуусун да өткөргөн жатабыз. Алар стратегиялык мааниси чоң обьектилердин аймагында жана башка жайларда болот. Мындан башка да бардык коопсуздука арналган маселелерге кеңири токтолуу каралып жатат", - дейт КМШдагы террорчулукка каршы борбордун башчысы Андрей Новиков.

16 мамлекеттен келген делегаттар жана бир нече эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кибер тероризм менен технологиялык тероризм акырындап кулачын жайып бара жатканын белгилешет. Аны көзөмөлгө алып токтотуп калуу мүмкүнчүлүгү аз болуп жатат. Себеби технологиялык өнүгүү заманы бир орунга турбайт. Анан калса тероризм,экстремизм топторунун өтө жашыруун, тымызын аракеттери мамлекеттердин биригип иш алып баруусун талап кылып жатат.

"Террордук жана экстремисттик топтордун жашыруун аракеттери, бири бири менен болгон туруктуу байланышы күчөдү. Мисалы жакынкы чыгыш жана Афганистан менен болуп жаткан байланыштарды алсак болот. Дагы бир жагдай орто азия мамлекеттеринде тымызын иш алып барып жаткан терордук топтор бар. Дал мына ошол коркунучтуу майда топтор өлкөлөрдөгү саясий туруксуз абал учурларында баш көтөрүп, абалды курчутуп, баш аламандыка алып келиши толук ыктымал", - дейт "Дин, укук жана саясат" көз карандысыз аналитикалык борбордун директору Кадыр Маликов.

Конференциянын жүрүшүндө тероризм жана экстремизм топторунун жаңы чакырыктары коомчулук үчүн кандай таасири этиши мүмкүн,алардын маалыматтык технологиялар аракеттерине каршы мындан аркы кадамдар кандай болот. Дал ушул маселелерге эксперттер кеңири токтолуп өзүлөрүнүн жаңы сунуштары үстүндө иштешти.

"Контртеррористтик аткаруучу директорат эмки жылга карата конкреттүү доклад даярдашы керек. Анда негизинен мамлекеттердин маалыматтык саясат айдыңында так жана даана кандай иш алып баруусу боюнча сунуштар берилиши керек. Бул багытта орто азия мамлекеттеринин тажрыйбасы биз үчүн өтө зарыл.Мындан сырткары анти терор борборунун тажрыйбасын да айта кетейин", - деп БУУнун өкүлү Анлрей Коваленко белгиледи.

Тероризм жана экстремизм темасына арналган иш чара эки күнгө созулуп, мында айтылган сунуш пикирлер коопсуздук маселеси менен алектенген бардык эл аралык уюмдарга жөнөтүлөт.


Новости по дате