http://ktrkdev.ktrk.kg/Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

17 Авг 2016 , 15:51 8062

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова финляндиялык спортчу Петра Маарит Оллини утуп жарым финалга чыкканга күчү жетти. 

Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы 58 кг салмагында ат салышууда.

1/4 финалда финляндиялыкты оңой-олтоң жеңип алды. Буйруса медаль "жыттана" баштады.

Эми жарым финалда Айсулуу Тыныбекова Малик Сакши (Индия) жана Валерия Коблова (Россия) жуптугунда жеңип чыкканы менен кармашат.


Новости по дате