http://ktrkdev.ktrk.kg/Үңкүр-Тоо: сүйлөшүүлөр улантылууда

Үңкүр-Тоо: сүйлөшүүлөр улантылууда

2 Сент 2016 , 22:03 2869

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү Өзбекстанда кармалып турган биздин төрт жаранды бошотуп, мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү бир нече аптадан бери жүргүзүп келет. 

Жакында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Германияда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин бейформал жыйынында өзбек тарапты чек арада чыр-чатакты болтурбоо боюнча эки өлкөнүн ортосунда жетишилген макулдашууну жана 1996-жылы эки өлкөнүн ортосундагы түбөлүк достук келишимин карманып турууга чакырып, Кыргызстандык төрт жаранды тез арада бошотууну талап кылды.

Ошол эле маалда оппозиционер Азимбек Бекназаров согуш баштаганга даяр экенин билдирген видео кайрылуусун жарыялады. 

Учурда Үңкүр-Тоого жакын жерде Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн көзгө атаарлары отурат. Бул маалыматты жеринде тартылган видеотасма тастыктайт.


Новости по дате