http://ktrkdev.ktrk.kg/Өзбекстанда кармалып турган 4 мекендешибиз бошотулду

Өзбекстанда кармалып турган 4 мекендешибиз бошотулду

9 Сент 2016 , 14:06 1665

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кечээ, түнкү саат 11.50 чамасында коңшу өлкөдө кармалып турган төрт кыргыз жараны кайтарылды. Ала-Бука районундагы “Баймак автожол” чек ара тозотунда Жалал-Абад облусунун күч кызматкерлери өзбек кесиптештери менен жолугушкан.

Жолугушуудан соң, коңшу өлкөдөн Аксы районундагы «Үңкүр-Тоо» телемунарасынын кызматкерлери: Бердалиев, Ташматов, Урманов жана Усупбаевдер өз мекенине кайтарылып берилди. Бул кадам мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсүнүн негизинде ишке ашты. POST2LEFT

Маалымат үчүн айта кетсек, буга чейин коңшу өлкөдө кармалып турган төрт кыргызстандыктын тагдыры боюнча өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 3-сентябрь күнү Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Самаркандга барган учурунда маселе көтөргөн. Анда, өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев кыргыз жарандарын бошотууга көмөктөшөөрүн билдирген. 

Андан кийин, 6-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, анда мамлекет башчы - өтө аяр мамилени талап кылган чек ара маселесин конструктивдүү чечүүгө тапшырма берген. Белгилей кетсек, 22-август күнү өзбек милиция кызматкерлери тик учак менен келип, Үңкүр-Тоодогу телемунарада иштеген жергиликтүү төрт кызматкерди өздөрү тарапка алып кирип кетишкен.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118

Новости по дате