http://ktrkdev.ktrk.kg/Ундун баасы өкмөт тарабынан көзөмөлдөнөт

Ундун баасы өкмөт тарабынан көзөмөлдөнөт

29 Янв 2016 , 5:22 968

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт тарабынан ундун баасы көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу ишкерлер бирикмесинин алдындагы ун комитетинин төрагасы Батыр Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, ундун өздүк наркы буудайдын баасына байланыштуу болот. Келишимге ылайык, өндүрүлгөн ундун 70 пайызы дүңүнөн сатылышы керек. 

Ошондой эле, үчүнчү сорттогу унду сатып алуу ттууралуу жергиликтүү ишкерлер менен келишим түзүү каралууда. Эгер буудай баасы жогорулап кете турган болсо, анда бааны туруктуу кармоо максатында көчмө жарманкелер уюштурулат. Учурда Кыргызстанда 34 ун чыгаруучу комбинат иштеп, күнүнө 3 миң 400 тонна ун өндүрүлөт.





Новости по дате